KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова БУУнун Универсалдуу мезгилдүү сереп боюнча  49-сессиясында  доклад менен чыкты

28 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 28-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова Женева шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча кеңешинин Универсалдуу мезгилдүү серебинин жумушчу тобунун 49-сессиясына катышты.


Кыргыз Республикасынын төртүнчү улуттук баяндамасын берүү үчүн Женева шаарына  Кыргызстандын  министрлик жана ведомстволорунун өкүлдөрүнөн турган  расмий делегациясы барган.


Сессиянын жүрүшүндө  Нургуль Бакирова атайын доклад менен чыгып, анда өлкөнүн туруктуулугу жана  өнүгүшү түздөн түз сот бийлигинен көз каранды экендигин билдирди.


Белгилүү болгондой, соттук реформа өлкөдөгү бардык өзгөрүүлөрдүн негизин түзөт. Анткени укуктук мамлекеттин пайдубалы – калыс жана көз карандысыз сот. Эгер Кыргыз Республикасындагы сот рефориасына токтоло турган  болсом, региондордо сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу максатында жергиликтүү соттордун судьялары ротацияланып жатат.


Сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн жаңы, заманбап талаптарга жооп берген сот имараттары курулуп, аймактарда «Сот адилеттик үйлөрү» ачылды.


Ал эми сот тутумуна  мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүү укугу берилди.


Мындан тышкары, сот системасынын ачык-айкындуулугун жана жарандардын ишенимин арттыруу максатында Жогорку сот өлкө боюнча бардык сот имараттарына QR-код стенддерин орнотту. Алар аркылуу сот иштеринин катышуучулары судьялардын жана сот тутумунун иши тууралуу пикир калтыра алышат”, — деп белгиледи Нургуль Бакирова.


Талкуунун жүрүшүндө БУУнун мүчө-мамлекеттери жана эл аралык өнөктөштөр менен мазмундуу жана динамикалуу пикир алмашуу өткөрүлдү.


Делегация мүчөлөрү өз сөздөрүндө Кыргыз Республикасынын адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, илгерилетүү ишине туруктуу берилгендигин өзгөчө белгилешип, ошондой эле бул багытта өлкө алган эл аралык милдеттенмелерди ырааттуу аткарууга чечкиндүүлүгүн ырасташты.


Өзгөчө көңүл жарандардын укуктарын камсыз кылуудагы жетишкен ийгиликтерге, гендердик теңчиликти алдыга жылдырууга, мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин чыңдоого жана жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө бурулду.


Кыргыз Республикасы жетишилген жыйынтыктарды бекемдөө жана адам укуктарын натыйжалуу илгерилетүү максатында эл аралык коомчулук менен активдүү кызматташууну улантууга бекем даяр экендигин билдирди.


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...