KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова: «Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты»

10 апреля 2025

2025-жылдын 7–11-апрель күндөрү БУУнун Бала укуктары боюнча комитетинин төрага орун басары Браги Гудбрансон жана Комитеттин мүчөсү Тувайба Ал-Барвани Кыргыз Республикасына иш сапары менен келишти. Сапардын максаты – балдардын укуктарын коргоо жаатындагы учурдагы чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен эл аралык укук коргоо институттарынын ортосунда кызматташтыкты бекемдөө болду.


10-апрелде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын имаратында Комитет делегациясынын өлкөнүн сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль  Бакирова жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Баймурза Маатов катышты.


Жолугушууда Нургуль  Бакирова «Балдардын укуктарын коргоо жаатында сот системасынын ролу» темасында баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын 1994-жылы ратификациялаган БУУнун Бала укуктары боюнча конвенциясынын жоболорун ишке ашыруудагы аракеттерине токтолду.


Жогорку соттун төрагасынын орун басары белгилегендей, өлкөдө жашы жете электердин укуктарын коргоо боюнча сот жана сотко чейинки механизмдер иштеп жатат. Укуктук коргоонун негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Үй-бүлө кодекси жана Балдар жөнүндө кодекс түзөт. Мында сот органдары балдарга карата зомбулук фактылары камтылган иштерге өзгөчө көңүл бурушат.


Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2023-жылы балдардын укуктары бузулган 302 учур катталган, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 333 учурга жеткен. Айрыкча 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы кыздарга карата сексуалдык зомбулук фактылары кескин көбөйгөн. Бакирова өзүнүн баяндамасында балдарга карата физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык зомбулук көрсөткөндөргө карата чыгарылган айрым сот чечимдерин мисал келтирди.


Өзгөчө көңүл экономикалык зомбулукка, анын ичинде ата-энелердин алимент төлөө милдетинен качуу фактыларына бурулду. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде балдарды багуудан баш тарткан жарандар үчүн катуу жоопкерчилик каралган.


Өз сөзүнүн соңунда Нургуль  Бакирова балдардын укуктарын коргоо жаатында укуктук жана институттук механизмдерди өркүндөтүү зарылдыгын белгилеп, бул багытта мекемелер аралык кызматташуунун жана эл аралык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.


БУУнун Бала укуктары боюнча комитетинин делегациясы Кыргыз Республикасынын балдардын  кызыкчылыктарын камсыздоого багытталган демилгелерин жана аракеттерин жогору баалап, мындан ары да конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даяр экендигин билдиришти.


 



Видео-блок

Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм
Эми ар бир жаран соттордун тейлөө сапатын баалай алат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...