KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча соттук тажрыйба талкууланды

18 декабря 2025

2025-жылдын 18-декабрында Ош шаардык сотунда «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратууга байланышкан кылмыш иштери боюнча соттук тажрыйбаны карап чыгуу» темасында тегерек стол болуп өттү.


Иш-чарага Ош облустук жана Ош шаардык сотторунун судьялары, Ош облустук жана Ош шаардык прокуратураларынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча Башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, эксперттер, адвокаттар, ошондой эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо жана Ак-Буура милиция бөлүмдөрүнүн тергөөчүлөрү катышты.


Тегерек столду Ош шаардык сотунун төрагасы  Чолпон Асанова  ачып, көтөрүлүп жаткан маселелер Ош шаарынын аймагында өзгөчө актуалдуу экенин белгиледи.


Ал эми  Ош шаардык сотунун судьясы Жаныбек  Жумаков өз баяндамасында Ош шаардык соту тарабынан алдын ала жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарын тааныштырды. Анын маалыматына ылайык, экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратууга байланышкан кылмыш иштеринин дээрлик 60 пайызы Ош облусунда катталып, алардын олуттуу бөлүгү Ош шаардык сотунда каралган.


Тегерек столдун жыйынтыгында укук коргоо органдары тарабынан сапаттуу тергөө амалдарын жүргүзүү, прокуратура органдарынын көзөмөлүн күчөтүү жана кылмыштарды алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жакшыртуу зарылдыгы белгиленди.


Видео-блок

Ар бир сотко баа берилет. Жалал-Абад облусунун сотторунун 2025-жылдагы иштери каралды
ЭлТР: ӨТКӨН ЖЫЛЫ БИШКЕКТИН РАЙОНДУК СОТТОРУНДА 105 МИҢДЕН АШУУН ИШ КАРАЛДЫ
"Сотторго бааны эл берет!" М.Сатыев Талас областынын жергиликтүү сотторунун иши менен ...
НОМАД ТВ: Что нужно знать о разводе и алиментах в Кыргызстане
Көрсөткүчтөрү жакшы жана начар судьялар аталды. М.Сатыев иш сапары менен Ысык-Көл облус...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...