KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Аксакалдар сотторуна методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүлдү

30 апреля 2025

Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Адилет Шаршеев, судья Мирлан Байышов жана Айнура Иманалиева Сот адилеттик үйүндө, 2025-жылдын иш планына ылайык, Аксакалдар сотторуна методикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүү максатында жолугушуу өткөрүлдү.


Жыйынга, Жалал-Абад шаарынын Аксакал сотторунун 7 аймактык башкармалыгынын төрагалары жана мүчөлөрү катышты.


Жыйында, Аксакалдар сотторунун иш алып баруусу менен таанышып, 2024-жылдын 19-февралындагы Кыргыз Республикасынын Аксакалдар соттору жөнүндөгү Мыйзамы талкууланып, аксакалдар сотунун ыйгарым укуктары жана жол-жоболору боюнча методикалык жардам көрсөтүлдү.


Жыйындын жыйынтыгында, Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Адилет Шаршеев жыйындын катышуучуларына келип катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап, мындан кийин дагы Аксакалдар соттору менен тыгыз иш алып баруу максатында жолугушууларды уюштуруп турушаарын билдирди.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов


Видео-блок

Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты
Калыс сот – элдин тиреги | Чүй облусу
Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...