KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Аксакалдар сотторуна методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүлдү

29 мая 2026

Манас шаарындагы Сот адилеттик үйүндө 2026-жылдын иш планына ылайык Аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана укуктук колдоо көрсөтүү максатында жолугушуу өткөрүлдү.


Иш-чарага Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Гүлсүн Арзыкулова, Манас шаардык сотунун төрагасы Мирлан Байышов жана Манас шаарынын Аксакалдар сотторунун 7 аймактык башкармалыгынын төрагалары жана мүчөлөрү катышып, жергиликтүү деңгээлде талаш-тартыштарды жөнгө салуу, коомдук ынтымакты бекемдөө багытындагы иштер талкууланды.


Жолугушуунун жүрүшүндө Аксакалдар сотторунун учурдагы иш алып баруу тажрыйбалары менен таанышуу жүргүзүлүп, 2024-жылдын 19-февралында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамынын негизги жоболору кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктары, иш жүргүзүү тартиби жана мыйзам талаптарын практикалык колдонуу боюнча методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүлдү.


Иш-чаранын соңунда Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Гүлсүн Арзыкулова жана Манас шаардык сотунун төрагасы Мирлан Байышов катышуучуларга ыраазычылык билдирип, алардын коомдогу ынтымакты сактоодогу жана жарандардын ортосундагы маселелерди тынчтык жолу менен чечүүдөгү ролу маанилүү экенин белгилешти. Ошондой эле мындан ары дагы Аксакалдар соттору менен тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу жана мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз уюштуруу улантылары айтылды.


Видео-блок

Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...