Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан «Сот органдарынын ишине инновациялык механизмдери киргизүү жана сот адилеттигине жетүү укугу менен камсыз кылуу» темасында онлайн Эл аралык консорциум уюштурулду.
Консорциумдун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби болду. Иш чарага судьяларды жана жарандык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууну ошондой эле, кесиптик жактан кайра даярдоону жүзөгө ашырышкан жакынкы чет мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
Саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева сүйлөдү.
Жолугушуунун максаты тажрыйба алмашуу жана сот адилеттигин санариптештирүү, сот тутумуна инновациялык технологияларды киргизүү жана жарандардын соттук коргоого кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыздоо чөйрөсүндөгү алдыңкы Эл аралык тажрыйбалар менен бөлүшүүгө багытталды.
Баяндамалар менен чыгып сүйлөштү:
Бакытбек Сыдыгалиев, КР Ош шаардык сотунун судьясы — « Соттордун ишиндеги заманбап санариптик чечимдер жана алардын сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуудагы ролу»
Айзада Исаева, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы — «Сот тутумундагы жасалма интеллект: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар»
Влада Ефимова, юридика илимдеринин кандидаты, РГУП — «Жарандык процесстин айрым принциптерин ишке ашырууга электрондук сот адилеттигинин элементтеринин таасири»
Елизавета Урчукова, РГУП улук окутуучусу, «Сот тутумундагы жасалма интеллектти пайдалануу: чакырыктар мифтер жана перспективалар»
Ярослава Кучина, алыскы-чыгыштагы РГУП филиалы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент — «Сингапур, Кытай, Малайзиянын сот органдарынын ишинде жасалма интеллектти киргизүүнүн салыштырмалуу тажрыйбасы »
Сергей Фролов, Приволжск РГУП филиалы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент — «Сот системасын «санариптештирүүнүн» маңызын түшүнүүдөгү көйгөйлөр»
Константин Волков, алыскы-чыгыштагы В.М. Лебедев атындагы РГУП филиалынын директору, юридика илимдеринин кандидаты, доцент, отствкадагы судья — «Россиянын сот адилеттигиндеги жасалма интеллект: перспективалар жана тобокелдиктер»
Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар пикир алмашып, сот системасында электрондук кызматтарды колдонуунун актуалдуу ыкмаларын талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Сот адилеттигинин инновациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган ар кайсы өлкөлөрдүн билим берүү жана сот мекемелери ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө зарылдыгын белгилешти.
Сот адилеттигинин жогорку мектебинин басма сөз катчысы Ахтита Эдилбек кызы

