Бүгүн, 2025-жылдын 4-октябрында Ош шаарында Кыргыз Ресбуликасынын сот тутумунун кызматкерлеринин арасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын кичи-футбол боюнча кубогу болуп өттү.
Бул спорттук мелдеште жалпысынан 8 команда ат салышып, алар кызыктуу оюн көрсөтө алышты. Ар бир команда футбол боюнча өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта өттү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 4 командага кубок, диплом жана грамоталар тапшырылды.
Биринчи орун Төраганын кубогу менен Бишкек шаардык сотунун судьялары сыйланышса, экинчи орунду Баткен облустук соту алышты. Ал эми үчүнчү орунга Ысык-Көл облустук сотунун командасы, төртүнчү орунга Жалал-Абад облустук соту татыктуу болду.
Мындан сырткары турнирдин уюштуруучулары “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу” номинациялары боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Белгилей кетсек, оюнчулардын арасынан мыкты деп табылгандар “Мурас” салттуу достук мелдешине тандалды.
Салтка айланган бул кичи -футбол боюнча мелдештин негизги максаты спортту, сергек жашоо образын жана сот тутумундагы судьялардын ортосундагы тилектештикти бекемдөө болуп саналат.
Кийинки кезектеги Төраганын өтмө кубогу Нарын облусунун сотторуна ыйгарылды.