Бүгүн, 2022-жылдын 31-майында, Ош облустук сотунда облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев, кылмыш-жаза иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Азамат Джумагуловдун жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда “Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун аппаратынын жана жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин этикасы жөнүндө” Кодексине ылайык, аппарат кызматкерлеринин этика комиссиясынын мүчөлөрүн жана төрагасын шайлоо болду.
Этика комиссиясы 7 аппарат кызматкеринен түзүлүп, төрагасы болуп Сейитбек Накыев, комиссия мүчөлөрү Камчыбек Акчалов, Ызатбек Макамбаев, Айдана Исмаилова, Кубанычбек Турсубаев, Даткабек Тургунбек уулу жана Айпери Туратбек кызы жабык тартиптеги добуш берүүнүн негизинде шайланышты.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун аппаратынын жана жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин этикасы жөнүндө” Кодексине ылайык иштелип чыккан жана ээлеген кызмат ордуна карабастан сот аппаратынын кызматкерлери сөзсүз түрдө этикалык мүнөздөгү жүрүш-туруш эрежелерин белгилейт.
Жыйындын соңунда Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев этика комиссиясынын мүчөлөрүн куттуктап, шайланган комиссия мүчөлөрү кызматтык ишмердигин аткарууда, сот тутумунун беделин көтөрүү жана кызматтык милдеттерин ак ниети менен жогорку адистик денгээлде аткаруусу керектигин баса белгиледи.