Бүгүн, 2025-жылдын 22-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун жыйналышы болуп өттү. Жыйналыштын алкагында 2022-жылдын 1-апрелинде кабыл алынган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга байланышкан сот практикасынын айрым маселелери боюнча токтом кабыл алынды.
Пленумдун ишине Жогорку соттун судьялары, ошондой эле видеоконференц-байланыш аркылуу кошулган жергиликтүү соттордун судьялары катышты. Тема боюнча негизги баяндама менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик иштери боюнча соттук коллегиясынын судьясы Чинара Садырова чыгып сүйлөдү.
Өзүнүн баяндамасында судья аталган мыйзам жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысынын жүргүзүүнү жөнгө салып, жер мунапысынын объектилерине мыйзамдуу статус берүүнү камтый тургандыгын белгиледи. Ал эми жер мунапысы өзү болсо – бул жер мунапысынын объектилерине болгон менчик укуктарын бекитүүнү камтыган бир жолку акция болуп эсептелинет. Токтом ар кандай талаш-тартыштардын келип чыгышына байланыштуу Пленумдун кароосуна киргизилди.
«Бул токтом актуалдуу болуп, анын негизги максаты – жер мунапысына байланышкан ченемдик укуктук актыларды соттор тарабынан бирдей жана туура колдонулушун камсыз кылууга багытталган», — деп белгиледи өзүнүн сөзүндө Чинара Садырова.
Токтомдун долбоору талкууланып, анын мазмуну боюнча сунуштар айтылып, андан соң редакциялык коллегия түзүлдү. Талкуунун жыйынтыгы боюнча токтомдун долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Жыйынтыгында отурумдун катышуучулары мыйзам ченемдерин бирдиктүү колдонуу жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн негизги мааниге ээ экендигин белгилешти.