Бүгүн, 2025-жылдын 23-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев жетектеген делегация Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын 20-жыйынына катышты.
Кыргыз тараптан делегация курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагаларынын орун басарлары Нурлан Мусаев жана Шералы Камчыбеков, ошондой эле төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов кирди.
Медербек Сатыев өз сөзүндө жыйын сот адилеттигине байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоого, тажрыйба алмашууга жана мамлекеттер аралык сот органдарынын өз ара ишенимин бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берген кадыр-барктуу аянтчага айланганын баса белгиледи.
«Бүгүнкү күндө биз сот адилеттигин натыйжалуу камсыз кылуу, сот системасын санариптештирүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле укуктук туруктуулукту камсыз кылуу сыяктуу жаңы милдеттерге туш болуудабыз. Ушундай шартта күчтөрдү бириктирүү жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу сот системаларыбызды чыңдоого жана элдерибиздин жыргалчылыгына кызмат кылат деп ишенем», – деди Жогорку соттун төрагасы.
Иш-чаранын катышуучулары сессиялык талкууларда киберкоопсуздукту соттук башкаруу, жасалма интеллектти колдонуу, сот бийлигинин ролун күчөтүү, өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, зомбулук жана террорчулук кылмыштарына каршы күрөшүү сыяктуу актуалдуу темаларга токтолушту.
Нурлан Мусаев зомбулук жана террорчулук мүнөздөгү кылмыштарга каршы күрөшүү темасында баяндама жасап, Жогорку сот бул багытта укуктук практиканы калыптандыруу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы натыйжалуу күрөшүүдө өлкөлөр жана алардын сот органдары ортосундагы диалог чоң мааниге ээ экенин айтты.
Шералы Камчыбеков өз сөзүндө сот бийлигинин жаңжалдардын жана талаш-тартыштардын алдын алууда жана чечүүдө маанилүү ролун белгиледи. Ал сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандардын социалдык абалынан көз каранды болбой, талаш-тартыштардын тынч жол менен чечилишине жана коомдук колдоого ээ боло турган чечимдердин кабыл алынышына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты. Айрыкча, медиация сыяктуу талаштарды альтернативдик чечүү ыкмаларын өнүктүрүү приоритеттүү багыт экени билдирди.
Кеңешменин соңунда, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жыйында кабыл алынган сунуштар жана жетишилген макулдашуулар ШКУга мүчө мамлекеттердин сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган конкреттүү кадамдарга айланаарына ишенимин билдирди.
XX жыйын ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун ортосундагы кызматташууну жогорку деңгээлде өнүктүрүүгө багытталган «Шанхай духун жайылтуу жана кызматташтык аянтчасын түзүү» урааны алдында өтүп, достук, конструктивдүү жана иштиктүү атмосферада жыйынтыкталды.
ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун 20-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Ошондой эле, ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку соттору кийинки – XXI жыйынды 2026-жылы Иран Ислам Республикасында өткөрүү сунушун колдоп беришти.