Урматтуу согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери!
Кадырлуу мекендештер!
Сиздерди 9-Май — Улуу Жеңиштин 80 жылдык мааракеси менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, терең урматымды билдирем!
Улуу Жеңиш — бул эркиндикти сүйгөн элдин кайратман рухунун, туруктуулугунун жана каармандыгынын жаркын символу. Кандуу жылдардын оор сыноосуна карабай, өз салымын кошкон ата-бабаларыбыздын эрдиги биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Сиздердин өмүрүнүздөр менен бекемделген Жеңиш — бүгүнкү күндө элибиздин тынчтыгынын, Мекенибиздин эркиндигинин жана бакубат турмушунун бекем негизи болуп калды. Сиздер көрсөткөн каармандык, Мекенге болгон чексиз сүйүү бүгүнкү жана эртеңки муундар үчүн түбөлүк үлгү бойдон калууда.
Согуш талааларында биздин 360 миңдей жердешибиз согушкан, алардын 100 миңден ашууну кан майдандан кайтпай калды. Алардын арасында сот тутумунда эмгектенген судьялар жана кызматкерлер болушкан.
Жогорку соттун көптөгөн кызматкерлери Ата Мекендин эркиндиги жана душманга басылган бир катар европалык мамлекеттерди бошотуу үчүн жүргөн кан күйгөн салгылаштарга катышышкан. Алардын катарында: Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун мүчөлөрү – С.И. Искабулов, С.Ч. Чокоев, Н.П. Воронцов, А.М. Бобырев, Н.П. Анисимов, Д. Пирсучов, А. Койчукулов, Игнатов, А.Т. Галкин ж.б. болгон.
Биз ар дайым кан майданда оттой күйгөн жүрөгү менен окторду тосуп, курман болгондорду эскерип, ардагерлерибиздин алдында башыбызды ийип, ооруктун эмгекчилерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Ушул даңктуу күнү ар бир үй-бүлөгө тынчтык, ынтымак жана бакубат жашоо каалайм.
Кыргызстандын асманы дайыма ачык, элибиздин келечеги жаркын болсун!
Улуу Жеңиш күнүңүздөр кут болсун!
Жеңиштин даңкы түбөлүк жашасын!