KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуу жана кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу

20 апреля 2026

Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана окуучулардын укуктук билим деңгээлин жогорулатуу максатында Талас шаардык сотунун төрагасы Алмаз Джанболотов Талас шаарындагы Камалбек Дарданов атындагы №3 орто мектептин 9 жана 11-класстарынын окуучуларына барып лекциясын өттү.


Лекцияда аталган соттун төрагасы кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу жаш курактын өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолуп, өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан мыйзам бузуулар жана анын кесепеттери жөнүндө, окуучулар арасында салык салуу, өзүн жанын кыюга баруу (суицид) жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча маек курду.


Андан соң, окуучулар темага кызыгуу менен мамиле жасап, көптөгөн суроолорду беришип жана сот тутумунун өкүлү тарабынан кеңири жоопторду алышты.


Жолугушуунун соңунда соттун төрагасы Алмаз Джанболотов менен мектептин директору Замира Сазаева мектеп окуучуларына билим алууда, укуктук билимин жогорулатууда ийгиликтерди каалап жана мындай жолугушууларды уюштуруп туруу жөнүндө макулдашышты.


Мындай жолугушуулар судьялар менен окуучулардын ортосунда укуктук сабаттуулукту жана жоопкерчиликти жогорулатууга өбөлгө түзөт.


Видео-блок

Жогорку сот менен жергиликтүү соттор ишембиликке катышты
ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...