KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова гендердик зомбулукка жана дискриминацияга каршы күрөшүү боюнча тегерек столго катышты

30 июня 2026

Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында өткөн «Гендердик зомбулукка жана дискриминацияга каршы күрөшүү, анын ичинде аярлуу катмардын укуктарын коргоо» аталышындагы тегерек столго катышты.


Иш-чара мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, облустук сотунун төраымынын жана тиешелүү мекеме-уюмдардын адистеринин катышуусунда өттү.


Тегерек столдун жүрүшүндө Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова баяндама жасап, гендердик зомбулук жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланышкан иштерди кароодо соттордун ролуна, мыйзамдуулукту камсыз кылуунун маанисине жана жарандардын конституциялык укуктарын натыйжалуу коргоонун негизги принциптерине токтолуп. Мындай категориядагы иштерде мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өз ара тыгыз кызматташуусу укук бузуулардын алдын алууда жана жабырлануучуларды натыйжалуу коргоодо өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.


Мындан сырткары, төрайым үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан иштерди ыкчам жана натыйжалуу кароо максатында, бардык учурларда соттук-медициналык экспертиза дайындабастан, мыйзамда каралган негиздерде саламаттык сактоо мекемелеринин дарыгерлери тарабынан берилген медициналык корутундунун негизинде да иштерди кароо мүмкүнчүлүгүн колдонуу боюнча Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды демилгелөө сунушун билдирди. Бул механизмди колдонуу үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан иштерди кароо мөөнөтүн кыскартууга мүмкүндүк берет. Эгер буга чейин мындай иштер айлап каралып келген болсо, сунушталган өзгөртүүлөрдүн негизинде аларды 2–3 күндүн ичинде кароо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, жабырлануучулардын укуктарын өз убагында жана натыйжалуу коргоого өбөлгө болот деп белгиледи.


Баяндамасынын соңунда Жыпар Сабырова тегерек столдун катышуучуларына адам укуктарын коргоо жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы жоопкерчиликтүү иштерине ийгиликтерди каалады.


Видео-блок

М. Алиев: “Судьялар мыйзамга гана таянып иштөөгө милдеттүү!”
ЭлТР: Соттордун судьялык кызматына резерв түзүлөт
Президент: Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу, өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечим керек
Жергиликтүү бийликтин эл менен жолушуусу. Сот тутумуна карата суроолор...
Судьялар корпусуна жаңы 9 судья кошулду

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...