KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы иш сапарынын алкагында райондук сотторго барды

04 апреля 2025

Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев иш сапары менен Ысык-Көл, Тоң райондук жана Балыкчы шаардык  сотуна барды.


Төрага Ысык-Көл райондук сотунун иши менен жеринде таанышып, соттун имараты жана иш бөлмөлөрдүн абалын жеринде кыдырып чыкты. Судьялар жана аппарат кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, орун которгон судьялар Чолпон Каримбаев жана Акматали Алибаевди райондук соттун эмгек жамаатына тааныштырып, төрага болуп дайындалган Чолпон Каримбаеваны куттуктады. Орун которгон судьяларга  иштерди өз убагында жана мыйзамга ылайык кароону талап кылып, соттун кызматкерлерине жана орун которгон судьяларга кызмат ордунда ийгиликтерди каалап коррупциялык иш-аракеттерге аралашпоону талап кылды.


Ошондой эле Нуркалый Асанбаев Балыкчы шаардык сотуна барып, шаардык сотко ротация жолу менен Бишкек шаардык сотунан которулуп келген Рахат Каримованы соттун кызматкерлери менен кеңешме өткөзүп тааныштырды. Судьялардын жана  аппарат кызматкерлердин мыйзамдын талаптарын так сактоону көңүлүн эмгек тартипти бекем сактоого, өз ишинде тактыкты, ыкчам жана  убагында аткарылышын белгилеп, коррупцияга каршы чараларды катуу сактоонун эскертип, жыйындын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.


Ушул эле күнү төрага Тоң райондук сотуна барып, судьянын жана аппарат кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен кенен таанышып чыкты. Аудио жана видео жазуу программаларынын иштөөсүн карап, сот отурум залдарды жана иш бөлмөлөрдү көрдү. Райондук сотко төрага болуп дайындалган Аида Талантбекованы жооптуу кызматы менен куттуктап, жыйындын катышуучуларына коррупциялык иш аракеттерден алыс болуусун эскертти.


Ысык-Көл областтык сотунун  басма сөз катчысы  А.А.Абдымаликова


 


Видео-блок

1 жыл. Медербек Сатыев 1-радионун «Таңкы Кыргызстан» берүүсүндө түз эфирде маек берди
Баңгизат каражаттары жана эмгектик укуктар боюнча Пленумдун токтомдору кабыл алынды. (Т...
Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...