KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунун төрагасы Кочкор райондук сотунун кызматкерлери менен жолукту

13 августа 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 12-августунда Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров Кочкор районунун Теңдик айылында жайгашкан

Кочкор райондук сотунун имаратынын оңдоп-түзөө иштерин жеринде көрдү.


Төрага имараттын капиталдык курулушунун  сапатын карап, ишти тездетип, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Курулуш иштеринин жүрүшү боюнча  Нарын облустук сот департаментинин начальниги Эмил Джунусалиев, Кочкор райондук сотунун төрагасы Өмүрбек Сарыбаев маалымат беришти.


Имарат ноябрь айынын соңунда пайдаланууга берилет.


Андан соң Куралбек Абдыкадыров Кочкор райондук сотунун эмгек жамааты менен жолугуп, баарлашты.

Жыйында облустук соттун төрагасы кызматкерлерге  мыйзамдуулукту сактоо, коррупцияга жол бербөө зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактап, сотко кайрылган жарандарга сылык-сыпаа мамиле кылууга чакырды. «Айрым кызматкерлер сотко келген тараптарга орой мамиле кылган учурлар болуп келген. Эми буга жол бербейбиз, эгер ушундай көрүнүш орун алса, тийиштүү чаралар көрүлөт. Жарандарга сылык мамиле кылыңыздар» — деди К. Абдыкадыров.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев өткөн аптада судьялар менен болгон онлайн кеңешмеде сот кызматкерлерин

сот системасынын кадыр-баркын түшүрбөө, этиканы жана жүрүм-турум эрежелерин сактоо талабын койгон.


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы.


Видео-блок

Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"
Жеңүүчү. Ош шаардык сотунун "Уңгу жол" боюнча даярдаган тасмасы облустук сынакта 1-орун...
"Кадрларды карап чыккыла! Тааныш-билиш деген болбосун!" М.Сатыев Сот департаментине күт...
“Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужол. Ош облусунун жергиликтүү соттору уюштурган и...
Алдамчыларга ишенип, 100 миң долларлык үйүнөн айрылган жаран туурасында соттук отурум

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...