Ушул күндөрү Баку шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Судьялар кеңештеринин төрагаларынын үчүнчү жыйыны жана «Соттук башкаруу тармагындагы глобалдык чакырыктар» темасындагы Эл аралык конференция өттү. Бул иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Аида Сейдакматова катышууда.
Кыргыз делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары Лунара Жолдошева дагы бар.
Өз сөзүндө Аида Сейдакматова Кыргыз Республикасында сот адилеттигин башкаруу тутумун чыңдоодо Судьялар кеңешинин маанилүү ролуна токтолду. Кеңештин негизги милдеттери катары сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо, сот адилеттигинин сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу белгиленди. Бул максаттарга жетүү үчүн Судьялар кеңеши судьялардын өз алдынча башкаруусун ишке ашырууда жана 2023–2026-жылдарга карата мамлекеттик максаттуу программаны жүзөгө ашырууга активдүү катышууда.
“Кеңеш сот системасын институционалдык өнүктүрүүгө, кадрдык жана уюштуруу багытындагы реформаларга салым кошуп келет. Ошондой эле заманбап технологияларды киргизүүгө көмөктөшүүдө. Эл аралык уюмдар менен кызматташтык жана чет элдик мыкты тажрыйбаларды колдонуу эл аралык стандарттарды улуттук сот практикасына интеграциялоого шарт түзөт. Бул өз кезегинде жарандардын сотко болгон ишенимин бекемдеп, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылат”, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы.
Иш-чаранын уюштуруучусу катары Азербайжан Республикасынын Сот-укуктук кеңеши чыкты. Жыйын жана конференция Кеңештин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлүп, ТМУга мүчө мамлекеттердин сот системасынын алдыңкы өкүлдөрүн бириктирди.
Конференциянын жүрүшүндө сот адилеттигинин учурдагы чакырыктары жана тажрыйба алмашуу темаларында пленардык жыйындар, секциялык талкуулар жана тегерек столдор өткөрүлдү.
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Судьялар кеңештеринин төрагаларынын үчүнчү жыйынынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Судьялар кеңештеринин тармагы түзүлдү. Анын уставына Азербайжан Республикасынын Сот-укуктук кеңешинин, Казакстандын Жогорку сот кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин, Түркия Республикасынын Судьялар жана прокурорлор кеңешинин жана Өзбекстан Республикасынын Жогорку сот кеңешинин төрагалары кол коюшту.
Судьялар кеңештеринин бул тармагынын негизги максаты – катышуучу мамлекеттердин сот системасынын көз карандысыздыгын жана калыстыгын чыңдоого, ошондой эле сот бийлигине болгон ишенимди арттырууга көмөктөшүү болуп эсептелет.
Иш сапардын алкагында Кыргызстандын делегациясы Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамытканов менен биргеликте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каза болгон күнүнө байланыштуу анын урматына орнотулган эстеликке гүл коюшту. Бул түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлүнө болгон терең урмат-сыйдын белгиси болду.
Ошондой эле делегациянын мүчөлөрү Азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана академик Зарифа Алиеванын көрүстөндөрүнө барып, гүл чамбар коюшту.