KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев ведомстволук «Фемида» пансионатына барды

17 июня 2025

Кечээ, 2025-жылы 17-июнунда, иш сапардын максаты пансионатты өнүктүрүү боюнча иш пландары менен таанышуу жана сот системасынын кызматкерлери үчүн жайкы эс алууну уюштурууга даярдыгы менен таанышуу болду.


Медербек Сатыев жеринде көрүп, бир катар тапшырмаларды берди жана пансионаттын жаңы жетекчилигине аткаруу мөөнөттөрүн белгиленди.


Айта кетсек, буга чейин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун 2025-жылдын 3-июнундагы буйругуна ылайык, Шермамат уулу Бексултан Сот департаментине караштуу «Фемида» пансионатынын мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалган. Буга чейин ал Сот департаментинин Сот актыларынын аткарылышын камсыздоо башкармалыгынын Кыргыз Республикасынан убактылуу чектелген адамдарды борборлоштурулуп иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенип келген.


Эске сала кетсек, 2024-жылдын декабрь айында Медербек Сатыев «Фемида» пансионатынын ошол учурдагы абалы менен таанышып, бир катар кемчиликтер аныкталган. Ал боюнча атайын комиссия түзүлгөн.


Белгилүү болгондой, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 8-июлдагы буйругуна ылайык, аянты 7,33га жер тилкеси менен 16 коттедж Сот департаментинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилген. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдында «Фемида пансионаты» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.


Видео-блок

Судьялык кызматка тандоо кандайча жүрөт?
200 адамды сотко мажбурлап алып келгенбиз. Сот приставы эмне иш аткарат?
Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...