KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев  сот тутумундагы айымдарды 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

07 марта 2025

Бүгүн, 2025-жылдын  7-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев сот тутумундагы айымдарды 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.


Урматтуу айымдар, 8-март Эл аралык аялдар күнү менен куттуктайм. Ошону менен бирге сиздерге терең ыраазычылыгымды жана урматымды билдирем. Анткени аялзаты табиятынан эмгекчил, жоопкерчиликтүү, чыдамкай келет. Мына ушул сыйга татыктуу касиеттериңиздер менен күн сайын мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн талыкпай эмгектенип келесиздер.


 Адам баласын кубанычка, мээримге бөлөгөн камкордугуңуздар бизди жаңы жетишкендиктерге, ийгиликтерге шыктандырып келет. Муну биз Кыргыз Республикасынын сот системасынын өнүгүп-өсүшүнө сиздердин кошкон чоң салымыздар деп түшүнөбүз жана баалайбыз.


Ардактуу айымдар, сиздер тек гана кесипкөй адистер эмес, үй-бүлөңүздөрдүн куту, коомубуздун тирегисиздер.


Сиздин активдүү катышууңуз менен сот бийлиги мамлекеттик бийликтин бир бутагы катары өнүгүүнү улантып, олуттуу ийгиликтерге жетишет деп ишенем


Жаркыраган жаз менен бирге келген майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Сиздерге чын ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, тынчтык, узун өмүр, айдай сулуулук жана ишиңиздерге ийгилик каалайм”, — деп билдирди Медербек Сатыев.


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...