KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сот тутумун кирип келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады

29 декабря 2025

Бүгүн, 2025-жылдын  29-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Жогорку соттун  жалпы жамаатын жана  сот тутумун кирип келе жаткан Жаңы жыл менен  куттуктады.


Өтүп бара жаткан жыл сот тутуму үчүн жоопкерчилиги жогору, маанилүү чечимдерге жана олуттуу өзгөрүүлөргө бай болду. Бул мезгилде сиздер ар бириңиздер кызматтык милдетиңиздерди жогорку жоопкерчилик, ак ниеттүүлүк жана кесипкөйлүк менен аткарып, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу, сот бийлигине болгон коомдук ишенимди бекемдөө багытында үзүрлүү эмгек кылдыңыздар.


Жетишилген жыйынтыктар — сот тутумунун жалпы жамаатынын ынтымагынын, туруктуулугунун жана кесиптик деңгээлинин айкын далили. Сот системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү, ачык-айкындуулукту кеңейтүү жана жарандардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында жүргүзүлгөн иштерде сиздердин ар бириңиздердин салымыңыздар өзгөчө мааниге ээ.


Кечээ жакында өткөн Элдик курултайда Президент сот адилеттүү, калыс жана көз карандысыз болмоюнча, мамлекеттин негиздери бекем болбой турганын айтып, учурда сот тутуму үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Эми сот бийлигинин башкы милдети — элдин ишенимин толук актоо экенин ачык айтты.


Президент коррупцияга, көмүскө келишимдерге жана мыйзамды сатууга эч кандай жол берилбесин баса белгилеп, мындай көрүнүштөрдөн сот системасы толук тазаланышы керектигин эскертти.


Сот — элдин алдында турган, коомго түз жоопкерчилик тарткан өзгөчө бийлик бутагы. Анын ишмердүүлүгү жабык чөйрөдө эмес, коомчулуктун туруктуу көңүл борборунда турат. Ар бир соттук процесс, ар бир чечим жарандар тарабынан кылдат байкоого алынып, адилеттүүлүктүн, калыстыктын жана мыйзамдуулуктун өлчөмү катары бааланат. Ошондуктан соттун чечими бир гана конкреттүү иштин тагдырын чечпестен, жалпы коомдун сот бийлигине болгон ишенимине түз таасир этет.


Сот адилеттигинин негизи — абийир, калыстык жана көз карандысыздык. Судьянын ички ишеними мыйзам менен абийирдин ортосундагы бекем байланышка таянганда гана адилет чечим чыгат.


Абийир менен кабыл алынган сот чечими жарандардын укугун жана эркиндигин ишенимдүү коргоп, мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдейт. Мындай мамиле коомдо адилеттүүлүк сезимин күчөтүп, мамлекеттин укуктук негиздерин чыңдайт. Ошондуктан сот бийлигинин ар бир өкүлү өзүнүн жоопкерчилигин терең түшүнүп, эл ишенимин актай турган, кынтыксыз жана таза кызмат өтөөгө милдеттүү.


Келе жаткан 2026-жыл жаңы максаттарды, жоопкерчиликтүү милдеттерди жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачсын. Сот тутуму мындан ары да заман талабына ылайык ырааттуу өнүгүп, мыйзамдуулукту жана кесипкөйлүктү туу тутуу менен коомдун ишенимине татып, адилеттүүлүктүн бекем таянычы боло берет деп терең ишенем.


Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, тынчтык, бакубат турмуш, үй-бүлөлүк жылуулук жана мол ырыскы каалайм. Ар бир күнүңүздөр кесиптик ийгиликтерге, кесиптештердин урматына жана элдин ишенимине толуп турсун”, — деп белгиледи  Медербек Сатыев.


Мындан тышкары  Жаңы жылдык куттуктоолор менен  Жогорку соттун төрагасынын орун басары, Жогорку соттун судьялары, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин, ошондой эле аппарат кызматкерлери чыгып сөз сүйлөштү.


Видео-блок

Жогорку сот биринчи жолу ачык сот отурумдарын көрсөтүп баштады
Милицияга пара берген кыз тууралуу соттук отурум
Алдамчылык боюнча ачык сот отуруму | 1-бөлүк
Алимент боюнча чечим чыкты. 3-бөлүк
Номад ТВ: Подготовка команды "Фемида" на хорошем уровне

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...