Бүгүн, 2025-жылдын 18-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралган коллегия болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө сот аткаруучулардын ишиндеги негизги көрсөткүчтөр, коомчулуктагы ишеним деңгээли, материалдык-техникалык камсыздоо, санариптештирүү жана кадр маселелери кеңири талкууланды.
Сот департаментинин кызматкерлерине кайрылган Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, учурда сот тутумуна карата коомдо айтылып жаткан сын-пикирлерди эске алуу менен, сот чечимдеринин ырааттуу жана өз убагында аткарылышы өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи.
«Сот адилеттигине болгон элдин ишеними түздөн-түз сиздердин аракеттерге байланыштуу. Кесипкөйлүк, мыйзамдуулук жана тартип – булар сот бийлигинин кадыр-баркын аныктаган негизги элементтер», – деп белгиледи төрага.
Төрага ошондой эле, аймактарга болгон сапарларда айрым сот аткаруучулардын мыйзам талаптарын жетиштүү деңгээлде билбестиги, иш кагаздарын жүргүзүүдөгү тартип бузуулар жана жарандарга карата орой мамиле жасоо фактылары аныкталганын билдирди. Мындай учурлар сот системасынын жалпы аброюна терс таасирин тийгизип жатканын айтып, жоопкерчиликти биринчи кезекте улук сот аткаруучулар жана облустук бөлүмдөрдүн жетекчилери тартышы керектигин айтты.
Медербек Сатыев өз сөзүндө мамлекет тарабынан түзүлүп жаткан шарттарга да токтолуп өттү. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен сот аткаруучулар кызматтык автоунаа менен камсыздалган. Бул сот актыларынын өз убагында аткарылышын камсыздоого багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи. Ошол эле учурда, аталган автоунаалардын кызматтык максатта гана колдонулушу шарт экендиги эскертилди.
« Жарандардын укуктарын коргоодо ар бириңиздер өз салымыңыздарды кошууга милдеттүүсүздөр. Ал үчүн мыйзамга баш ийип, ак ниет кызмат кылуу керек », – деп жыйынтыктады Медербек Сатыев.
Жыйындын жүрүшүндө Сот департаментинин директору, өлкөнүн башкы сот аткаруучусу Урмат Кожомбердиев да баяндама жасап, 2024-жылдагы негизги көрсөткүчтөргө токтолду. Анын айтымында, өткөн жылы сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу 1315 даттануу катталган. Бул көрсөткүч коомчулуктагы нааразычылыктын дагы эле жогору экенин билдирет. Өзгөчө алимент өндүрүү боюнча аткаруу иштеринин саны көп болгону менен, алардын аткарылышы канааттандырарлык деңгээлде эмес.
Мындан тышкары, 2024-жылы аткаруу өндүрүшүнүн натыйжалуулугу 2023-жылга салыштырмалуу болгону 3%га гана жогорулаган. Бул жетишсиз натыйжа катары бааланып, ал тармактагы реформалардын ыкчамдатылышын талап кылат.
Коллегияда сот системасын санариптештирүү, «Аткаруу өндүрүшү» жана «Инфодокс» автоматташтырылган тутумдарын өнүктүрүү, электрондук аукционду киргизүү сыяктуу демилгелерди ишке ашыруу маселелери да каралды.
Коллегиянын соңунда, Сот департаментинин бардык түзүмдөрүнө жана кызматкерлерине элдин ишенимин калыбына келтирүү, сот актыларынын сапаттуу жана толук аткарылышын камсыз кылуу багытында конкреттүү тапшырмалар берилди.