Бүгүн, 2025-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл койду. Медербек Сатыев да курман болгон баатырлардын элесине таазим кылып, гүлчамбар койду.
Андан соң Ала-Тоо аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өттү. Парадга Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ошондой эле саясий, коомдук ишмерлер жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.
Быйыл Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Параддык жүрүшкө 3 миңден ашуун аскер кызматкери катышып, заманбап аскердик техника көрсөтүлдү.
Бишкек гарнизонунун парадга даярдыгы тууралуу баяндама Кыргыз Республикасынын коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов тарабынан кабыл алынды. Парадды коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Эрлис Тердикбаев жетектеди.
Аскердик парадга Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Улуттук гвардиянын жана башка күч түзүмдөрүнүн аскер кызматкерлери катышты. 120дан ашык аскердик жана атайын техника көрсөтүлдү.