KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасы Кадамжай райондук сотунда болду

25 мая 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Баткенге болгон иш сапардын алкагында Кадамжай райондук сотунда болду.


Төрага ротацияланган судьялар бара калып эле эмгек өргүүсүн сураган же болбосо бейтапканага жатып дарыланышым керек деген сыяктуу көптөгөн маселелерди жаратып жатышкандары да мага белгилүү болду. Жаңы барган жериндеги ишине судьялардын мындай мамиле кылышы туура эмес көрүнүш деп сыпаттады.


Эмгек өргүүсүнө кеткиси келсе ошол барган жериндеги ишин иштеп баштап бир нукка салып коюп, андан кийин кетсин. Ар бир судья өзүнүн жумушуна күйбөсө анын ишине ким күйөт? Тиешелүү эмгек өргүүсүн алат, өргүү албайсың, андай болбойт деп жаткан эч ким жок.


Эмгекке жарамсыздыкка  (больничныйга) кетүү боюнча да айрыкча белгилейм, ушул тапта судья ооруп калдым деп  жатып албашы керек. Мындай көрүнүштөр токтотулушу керек жана мыйзамдарга ылайык бардык судьялар иштерди сапаттуу жана өз убагында кароого милдеттүү экенин белгилейм. Соттордо судьялар тарабынан каралып жаткан ар бир иштин артында адамдардын, жарандарыбыздын, салык төлөөчүлөрдүн тагдыры турганын эсиңиздерден чыгарбашыңыздар керек”, — деп баса белгиледи төрага.


Кадамжай райондук сотунун төрагасы Марклен Нармырзаев аталган сотко Нарын, Жалал-Абад, Бишкек шаарларынан 4 судья ротацияланып келгендигин, алар турак-жай менен камсыз болуп, учурда иштерди карап баштагандыгын айтты. Ошондой эле сотто 22 аппарат кызматкери эмгектене тургандыгын кошумчалады.



 


Видео-блок

Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды
У. Кожомбердиев:"Айтса жаман көрөсүңөр!". Сот аткаруучулардын жыл жыйынтыгы
Азамат Узакбаев: Судья өзү өкүнбөгөндөй чечим чыгаруусу керек
Жеке сот аткаруучулар эмнеге киргени жатат?
Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...