Жогорку соттун Төрагасынын тиешелүү буйругу менен Жалал-Абад облусунун административдик сотунун судьясы Эдуард Колопов аталган соттун төрагасы болуп 5 жылдык мөөнөткө дайындалды. Бүгүн ал сот жамаатына расмий түрдө тааныштырылды.
Ушуга байланыштуу Жалал-Абад облустук сотунда административдик соттун ишмердүүлүгүнө арналган жыйын өткөрүлдү. Жыйынга облустук соттун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Жекшеналы Курманбаев, судьялар Гүлүн Арзыкулова жана Алмазбек Орозалиев, ошондой эле административдик соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары Жекшеналы Курманбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын буйругуна ылайык кабыл алынган чечим тууралуу маалымат берип, Эдуард Колоповду жаңы кызмат орду менен куттуктады. Ал өз сөзүндө жаңы жетекчиге ийгиликтерди каалап, сот адилеттигин камсыз кылууда принципиалдуулук, жоопкерчилик жана мыйзамдуулукту так сактоо негизги талап экенин белгиледи.
Ошондой эле жыйында административдик соттун ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, иштерди сапаттуу тариздөө, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылар боюнча аткаруу барактарын өз убагында даярдоо, апелляциялык жана кассациялык даттанууларга тиешелүү документтерди так тизме менен тиркеп, иш материалдарына туура кошуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, аппарат кызматкерлерине кесиптик этиканын нормаларын сактоо, жарандарга сылык жана калыс мамиле кылуу, мыйзамдуулукту камсыз кылуу милдеттери эскертилди. Кызматта ачык-айкындуулук, тартип жана жоопкерчилик принциптерин бекем кармануу, ошондой эле коррупциялык укук бузууларга жол бербөө негизги талап экени белгиленди.
Жыйындын соңунда административдик соттун ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүү, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу жана жарандардын укуктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу боюнча бир катар милдеттер такталды.

