KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргызстандын сот системасынын өкүлдөрү Алматы шаарындагы соттордун ишмердүүлүгү менен таанышты

22 мая 2025

2025-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин буйругу менен ушул жылдын апрель айында түзүлгөн сот системасын санариптештирүү боюнча бирдиктүү координациялык жумушчу топтун өкүлдөрү Казакстандын Алматы шаарындагы соттордун техникалык камсыздалышы менен таанышуу максатында иш сапар менен барышты.


Делегациянын курамына Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кожомбердиев, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммед Мусурманкулов, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Аайзада Исаева, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы Индира Жунушалиева, Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев, Бишкек шаардык сотунун судьясы Таалайкүл Кадыракулова, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Тилек Турдукулов жана «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин өкүлдөрү кирди.


Сапардын максаты – электрондук документтерди берүү, сот процесстерин автоматташтыруу жана оптималдаштыруу, маалыматтык системаларды интеграциялоо, жасалма интеллект жана машиналык окутуу алгоритмдерин колдонуу аркылуу соттук чечимдерди талдоо сыяктуу санариптик инновациялар жаатындагы тажрыйба алмашуу болду.


 


Видео-блок

Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Фуцзянь провинциясынын прокуратура делегацияс...
Сот кызматкерлери улуттук идеологияны даңазалады
Талас облусу | Калыс сот – элдин тиреги
"Ар бир добуш - өлкөнүн эртеңине кошулган салым". М.Сатыев №1046 шайлоо участогунан доб...
Н.Бакирова КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулары ме...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...