KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун өкүлдөрү студенттердин суроолоруна жооп беришти

10 апреля 2026

Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин студенттери менен сот тутумунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда спикерлер катары Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Жыргал Мурзалиева, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Азамат Алыбаев, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Азиз Досмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын бөлүм башчысы Савитахун Исаков катышты.


Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин «Юриспруденция» факультетинин үчүнчү курсунун студенттери судьялардын кесиптик жолу, судьялык иштин татаалдыгы жана жоопкерчилиги, ошондой эле айрым категориядагы иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири суроолорду беришти.


Жолугушуу ачык жана достук маанайда өттү. Келечектеги юристтер өздөрүн кызыктырган бардык суроолоруна жооп алышты.


Видео-блок

ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде
ТРК "Мир": Онлайн-трансляции судебных заседаний запустили в Кыргызстане

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...