KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

11 марта 2025

Кыргыз Республикасынын сот кызматкерлеринин күнүнө карата Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сыйлыктары менен сыйланышты.


Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында, Президенттин облустагы өкүлү Айбек Шаменовдун катышуусунда өткөрүлдү.


Облус жетекчиси Айбек Шаменов куттуктоо сөзүндө судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин сот адилеттигин ишке ашыруудагы иши оңой эместигин, бул тармак калыстыкты, чыдамкайлыкты, ишке өзгөчө берилгендикти жана ар тараптуу кесипкөйлүктү талап кылаарын баса белгиледи.


Баткен облустук сотунун төрагасы Алмазбек Апышев “Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнү” майрамы менен кесиптештерин куттуктап, жооптуу иштерине ийгиликтерди каалап, облустагы соттордун жыл жыйынтыгы менен жетишкен ийгиликтерине ар бир кызматкердин салымы зор экендигин белгилеп өттү.


Жыйындын жүрүшүндө сот адилеттигин жүзөгө ашыруудагы ийгиликтери үчүн


облустагы соттордун бир катар судьялары жана аппарат кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын медалдары жана  Ардак грамоталары, Баткен облустук сотунун ардак грамоталары  менен сыйланышты.


 


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы   З.С.Ормонов


Видео-блок

1 жыл. Медербек Сатыев 1-радионун «Таңкы Кыргызстан» берүүсүндө түз эфирде маек берди
Баңгизат каражаттары жана эмгектик укуктар боюнча Пленумдун токтомдору кабыл алынды. (Т...
Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...