KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Аксакалдар сотторунyн жана медиация борборунун өкүлдөрүнө методикалык жардам көрсөтүлдү

26 марта 2026

Кочкор райондук соту тарабынан медиаторлорго жана аксакалдар сотторуна методикалык жардам көрсөтүлдү.


Кочкор райондук сотунун төрагасы Өмүрбек Сарыбаев коомдогу тартипти сактоодо жана айрым талаш-тартыштарды чечүүдө медиаторлор менен аксакалдар сотторунун иши маанилүү экендигин белгиледи.


Иш чаранын жүрүшүндө Кочкор районундагы аксакалдар сотторунун өкүлдөрү жана медиаторлор өз ишмердүүлүктөрүндөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти.


Нарын облустук медиация борборунун башчысы Урматбек Шергазиев маалымдагандай, учурда Нарын облусу боюнча жети медиатор иш жүргүзүүдө. 2027-жылдын 1-январынан баштап арыз-даттануулар медиация борбору аркылуу өткөрүлүп баштайт. Ага чейин медиаторлорду кесиптик жактан даярдоо иштери жүрүүдө.


Анын айтымында, медиатор болуу үчүн жаран мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебеши, 25 жаштан жогору жана жогорку билимдүү болушу шарт. Учурда жергиликтүү соттор тарабынан медиаторлордун жана  аксакалдар сотторунун ишин алдыга жылдырууга көңүл бурула баштады.


Иш чаранын соңунда медиаторлор жана аксакалдар соттору менен айыл өкмөттөрү, участкалык милиция кызматкерлеринин тыгыз алакада иштөөсүнүн зарылдыгы айтылды.


Ошондой эле, жыйындын катышуучуларына методикалык жардам иретинде даярдалган колдонмолор тапшырылды.


Видео-блок

Бишкек шаардык сотунда Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюсту ачылды
Почему имя Супатаева стало символом изменений в судебной системе Кыргызстана?
М. Сатыев Бишкектин соттору менен жолугушту
М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...