Эртең, 2025-жылдын 3-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленуму болот.
Пленумда судьялар төмөнкү токтомдордун долбоорлорун карашат:
- “Экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар боюнча кылмыш иштерин соттор тарабынан кароонун өзгөчөлүктөрү”;
- “Административдик, жарандык жана экономикалык иштер боюнча кайтадан (жаңыдан) ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароо жөнүндө арыздарды кароонун тартиби”;
- “Көп батирлүү турак жай курулушуна үлүштүк катышуу чөйрөсүндөгү талаш-тартыштарды кароого байланышкан жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук практика тууралуу”;
- “Балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча”.
Эске сала кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленуму – бул эң жогорку сот органынын бардык судьяларынын жыйыны болуп эсептелет. Жыйынга төрага, анын орун басарлары жана Жогорку Соттун судьялары кирет.
Өз ишинде пленум соттук практиканын материалдарын карап чыгып, мыйзамдарды жана башка нормативдик укуктук актыларды колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берет. Бул түшүндүрмөлөр бардык соттор үчүн жалпы милдеттүү, ошондой эле ар бир судья үчүн өзүнчө милдеттүү болуп саналат.