2026-жылдын 18-июнунда Казакстан Республикасында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун Экинчи конференциясынын алкагында Казакстан Республикасынын Президентинин «Акорда» сарайында жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп өттү.
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын жетекчилерин кабыл алды.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев, Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Инам Керимов, Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Алишер Усманов, Түркия Республикасынын Кассациялык сотунун төрагасы Өмер Керкез, Түркия Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Зеки Йигит, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө түрк дүйнөсүнө кирген мамлекеттердин сот тутумдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, жарандардын жана инвесторлордун укуктарын сот аркылуу коргоо механизмдерин өркүндөтүү, сот адилеттиги чөйрөсүндө санариптик технологияларды өнүктүрүү, ошондой эле ТМУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.
Президент Касым-Жомарт Токаев мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо, ошондой эле мамлекеттердин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүүдө сот бийлигинин маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын ортосундагы кесиптик диалогду кеңейтүүнүн, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуунун жана сот системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча натыйжалуу чечимдерди биргелешип издөөнүн мааниси баса белгиленди.
«Акорда» сарайында өткөн бул жогорку деңгээлдеги иш-чара ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун Экинчи конференциясынын программасындагы маанилүү окуялардын бири болуп, түрк дүйнөсүндө сот бийлигин өнүктүрүүгө жана мыйзам үстөмдүгүн чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын дагы бир жолу тастыктады.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бул кызматташтык сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатууга, жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө жана мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген бирдиктүү укуктук мейкиндикти калыптандырууга багытталат.

