Манас шаарынын Сот адилеттик үйүнүн имаратында Жалал-Абад облустук сотунун 2026-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык облустук соту тарабынан райондук жана шаардык сотторунун судьяларына тренинг өткөрүлдү.
Тренингтин максаты: судьялардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, мыйзамдарды бирдей колдонуу, жаңы мыйзамдар, практикадагы өзгөртүүлөр, процессуалдык нормаларды колдонуудагы көйгөйлөр жана аларды чечүү.
Тренингтин жүрүшүндө: тергөө судьялары тарабынан соттук материалдарды кароодо, соттор тарабынан кылмыш иштерди кароодо кетирилген айрым кемчиликтер айтылып, аларды мындан ары кетирбөө максатында талкуу жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгы менен аталган багыттар боюнча учурдагы соттук тажрыйба талкууланып, судьялардын пикирлери угулуп, иштерди кароодо жетекчилик кылуу үчүн бирдиктүү практика иштелип чыкты.

