Нарын облустук сотунун судьялары менен Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова жана адвокаттар кеңешинин Нарын облусундагы өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Төраганын орун басары Шарипбек Жунусов жолугушууда сот системасы менен Адвокатуранын ортосундагы өз ара кызматташтыктын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуу экендигине токтолду.
Ошондой эле, жарандарга мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам берүүнүн жүзөгө ашырылышы, адвокаттардын иштөөсү үчүн тийиштүү шарттардын түзүлүшү жана адвокаттардын алыскы райондордогу жетишсиздиги тууралуу маселелер талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө судьялар Эркин Дүйшеев, Гулбара Кудабаева айрым маселелер боюнча өз пикирлерин билдиришти.

