KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чара өткөрүлдү

29 апреля 2026

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун эмгек жамааты 2026-жылдын 27-апрель күнү «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу иш планынын негизинде жана Бүткүл дүйнөлүк китептер күнүнө карата Кызыл-Кыя шаарынын борборлоштурулган китепканасында жана Кызыл-Кыя шаарынын Т.Кулатов атындагы тарых музейинде болушту.


Кызыл-Кыя шаардык Т.Кулатов атындагы тарых музейинин директору Гулнара Жолдошалиева жана башкы илимий кызматкери Гүлай Эргешова, 1974-жылдын 18-майында түптөлгөн Кызыл-Кыя шаарынын музейинин жаралуу тарыхы боюнча, шаардын тарых жолу чагылдырылган  орхеологиялык, этнографиялык 4000ден ашуун экспонаттары тууралуу, Кызыл-Кыя шаарындагы шахтаны түптөгөн инсандардын тарыхы, шаардын мурунку завод-фабрикаларынын чыгарылган продукцияларынын көргөзмөлөрү, ошондой эле коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун иштеген кабинети, сыйлыктары, колдонгон буюмдары жөнүндө тааныштырышты.


Кызыл-Кыя шаарынын борборлоштурулган китепканасынын мүдүрү Лола Мурзабаева, китепкананын ичиндеги китептер боюнча жалпы маалымат берип, ««Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу иш планына карата жасалып жаткан иштери менен тааныштырып, ар-бир шаардын китеп сүйүүчүлөрү, окурмандары үчүн китепкананын эшиги дайыма ачык экенин белгилеп, китеп окуу маданиятынын калыптанышы китеп окуудан баштала тургандыгына токтолуп, катышуучуларды китеп окууга чакырды.


Соңунда китепканачылар китеп алып окуу үчүн сот кызматкерлерине китеп алуучу катары катталууга жана кызыкчылыктарына жараша китеп тандоого жардам беришти.


Иш чаранын жүрүшүндө соттун эмгек жаамааты кызыктырган суроолоруна жооп алышып, активдүү пикир алмашуу жүрүп, жыйынтыгында жолугушуулар жылуу жана достук маанайда   жагымдуу таасир калтырып, баарлашуулар кызыктуу өттү.


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...