KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Иш кагаздарын жүргүзүү, функционалдык милдеттер, этика жана коррупцияга каршы аракеттер темасында семинар өттү

21 октября 2025

2025-жылдын 17-октябрында Ысык-Көл облустук сотунун жыйындар залында «Иш кагаздарын жүргүзүү, функционалдык милдеттер, этика жана коррупцияга каршы аракеттер» темасында семинар болуп өттү.
Иш-чара Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаевдин демилгеси менен уюштурулуп, ага Ысык-Көл облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Алайбек Кожомкулов, Ысык-Көл облустук административдик сотунун төрайымы Зарина Абдыкадырова, ошондой эле жергиликтүү соттордун бөлүм башчылары, улук катчылар жана иш алып баруучулар катышты.


Семинардын жүрүшүндө катышуучулар иш кагаздарын мамлекеттик стандарттарга ылайык жүргүзүү, ар бир кызматкердин функционалдык милдеттерин так аткаруу, мамлекеттик кызматтагы адеп-ахлактык талаптар, ошондой эле коррупциянын алдын алуу чаралары боюнча кеңири маалымат алышты.


Семинарда практикалык мисалдар, укуктук аспектилер жана кызматтык жоопкерчилик маселелери талкууланып, катышуучулар арасында активдүү пикир алмашуу жүрдү.


Бул иш-чаранын негизги максаты — сот органдарындагы иш процесстерин жакшыртуу, кызматкерлердин жоопкерчилигин жана адеп деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп саналат.


Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга тиешелүү укуктук-нормативдик актылар боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле реалдуу иштерден алынган мисалдардын негизинде талдоолор жүргүзүлүп, катышуучулар арасында жандуу пикир алмашуулар болду.
Уюштуруучулар сот тутумундагы ички башкаруу процесстеринде айкындуулук, жоопкерчилик жана кесипкөйлүк негизги принциптерден болуп калышы керек экендигин баса белгилешти.


Семинардын аягында катышуучулар мындай окутуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүшү керек деген сунуштарын билдиришти. Өз кезегинде жетекчилик мындан ары да кызматкерлердин билимин өркүндөтүүгө багытталган иш-чаралар улантыларын белгиледи.


Бул семинар сот системасындагы административдик жана уюштуруучулук ишмердүүлүктү күчөтүүгө, коррупцияга каршы нөлдүк чыдамкайлык принциптерин бекемдөөгө жана мамлекеттик кызматкерлердин адеп-ахлактык деңгээлин жогорулатууга чоң салым кошот деп күтүлүүдө.


Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга бир катар сунуштар берилди. Алардын ичинде — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын Этикалык кодексинин талаптарын сактоо, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү сотторунда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппараты жөнүндө жобого ылайык иш алып баруу милдеттүү түрдө талап кылынды.
Мындан тышкары, ушундай иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп, кызматкерлердин билимин жана иш тажрыйбасын жогорулатуу иштери улантылары баса белгиленди.


Ысык-Көл облустук сотунун
басма сөз катчысы
А. Таалайбек кызы


Видео-блок

"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды
Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...