KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

QR-коддон онлайн трансляцияга чейин: Нарын облустук сотунун төрагасы менен маек

03 марта 2026

Сот тутуму — бул жөн гана мыйзамдардын жыйындысы эмес, бул ар бир жарандын укугу корголуп, адилеттүүлүк орной турган мамлекеттин негизги түркүгү. Ачык-айкын иштеген сот бийлиги коомдук туруктуулукту камсыз кылып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түз таасир этет. Жакында Нарын облустук сотунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, үстүбүздөгү жылга карата иш-мерчемдер белгиленди. Бүгүнкү күндө Нарын облусунда сот реформалары кандай жүрүп жатат жана элдин ишенимин калыбына келтирүү үчүн кандай кадамдар ташталууда? Бул тууралуу «Кабар» агенттиги Нарын облустук сотунун төрагасы Абдыкадыров Куралбек Амантаевич менен маектештик.


— Куралбек Амантаевич, Нарын облустук сот тутумунда жалпы канча сот бар, канча судья эмгектенет? 2025-жыл кандай көрсөткүчтөр менен жыйынтыкталды?


— Дубаныбыздын ар бир районундагы жана Нарын шаарындагы биринчи инстанциядагы соттор Нарын облустук сот тутумуна кирет. Ошондой эле Нарын шаарында Нарын облусунун административдик соту өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Мындан тышкары, Нарын облустук соту экинчи инстанция катары апелляциялык даттанууларды кабыл алат. Учурда башка соттордон ротация аркылуу которулуп келишкен 24 судья иштеп жатат.


Нарын облустук сотунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, жыйынга Жогорку соттун төрагасы Медербек Асанбекович өзү келип катышты. Белгилеп кетсек, Нарын облусунун биринчи инстанциядагы сотторуна жалпысынан 11 741 иш түшүп, анын ичинен 11 281 иш каралган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 1169 ишке же 11,5% көп. Тактап айтсак, 2024-жылы 10 112 иш каралган болчу.


Ал эми каралган 11 281 иштен апелляциялык тартипте 423 иш же болгону 3,7% даттанылган. Ар бир соттун көрсөткүчтөрүнө токтолсок:



  • Нарын райондук соту: 1767 иш (2024-жылы 1786);

  • Ат-Башы райондук соту: 1547 иш (2024-жылы 1417);

  • Ак-Талаа райондук соту: 1310 иш (2024-жылы 762);

  • Кочкор райондук соту: 2228 иш (2024-жылы 2080);

  • Жумгал райондук соту: 1161 иш (2024-жылы 1120);

  • Нарын шаардык соту: 3013 иш (2024-жылы 2779);

  • Административдик сот: 332 иш (2024-жылы 168).


Жалпысынан, мурунку жылдан калган иштерди кошуп эсептегенде, 2025-жылы 11 358 иш каралды. Жыл жыйынтыгында алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен жана иши солгун болгон судьялар белгиленип, үстүбүздөгү жылга жаңы тапшырмалар коюлду.


— Коомчулуктун сотторго болгон ишенимин бекемдөө максатында QR код аркылуу сурамжылоо жүргүзүлүп жатканын билебиз. Бул кандай жыйынтык берүүдө?


— Сот кызматкерлеринин адеп-ахлак нормаларын сактоосу жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу биздин өзгөчө көңүл борборубузда. QR-код аркылуу сурамжылоо былтыркы жылдын биринчи чейрегинде Жогорку сот тарабынан ишке ашырыла баштаган. Ар бир сот мекемесинин имаратына атайын стенддер орнотулган.


Жыл ичинде облус боюнча 123 пикир келип түштү. Бул бизге элдин пикирин жакындан билүүгө жана кемчиликтерди талдоого шарт түздү. Биз коомчулукка ар дайым ачыкпыз. Сурамжылоо купуя жүргүзүлөт, аты-жөнүн жазбай эле телефон аркылуу жооп берүү жетиштүү.


— Коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?


— 2025–2027-жылдарга карата сот тутумундагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында атайын план түзүлгөн. Ички көзөмөл механизмдери күчөтүлүп, соттук отурумдар аудио-видеого жаздырылат. Бүгүнкү күндө Нарын облусунда 10 сот залы аталган тутум менен камсыз болгон.


Мындан тышкары, соттор тарабынан каралуучу иштер анын оор-жеңилине же кызыкчылыгына карап эмес, автоматташтырылган система менен бөлүштүрүлөт. Ал эми мамлекет тарабынан соттук реформалардын жүрүшүнө ылайык соттор ротация аркылуу жер-жерлерге эч кандай тааныш-билиши жок барып, калк үчүн кызмат кылуусуна шарт түзүлүп жатканын дагы коррупция менен күрөшүүнүн ыкмасы катары баалоого болот. Иштер атайын автоматташтырылган система аркылуу бөлүштүрүлөт, бул адамдык факторду жокко чыгарат. Соттордун ротацияланышы да коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмасы болууда.


2026-жылга карата сот отурумдарын онлайн трансляциялоо боюнча иш-план түзүлүп, учурда Нарын облустук сотунда сынамык режиминде видеолор тартыла баштады.


Эң башкы милдетибиз мыйзамдуу жана адилеттүү чечимдерди чыгаруу, аны ишке ашыруу үчүн ар убакта бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.


— Маегиңизге рахмат.


https://kabar.kg/news/qr-koddon-onlayn-translyatsiyaga-cheyin-naryn-oblustuk-sotunun-toragasy-menen-maek/


Видео-блок

5-март — Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы
УТРК ЧҮЙ: СОТ ТУТУМДАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ
Ар бир сотко баа берилет. Жалал-Абад облусунун сотторунун 2025-жылдагы иштери каралды
ЭлТР: ӨТКӨН ЖЫЛЫ БИШКЕКТИН РАЙОНДУК СОТТОРУНДА 105 МИҢДЕН АШУУН ИШ КАРАЛДЫ
"Сотторго бааны эл берет!" М.Сатыев Талас областынын жергиликтүү сотторунун иши менен ...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...