KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун жетекчилиги Нарын облусундагы жергиликтүү соттор менен онлайн жыйын өткөрдү

05 февраля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 5-февралында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев  Нарын облусунун жергиликтүү сотторунун ишинин жыйынтыгын чыгарган онлайн жыйын өткөрдү.


Нарын облустук сотунун  төрагасы Куралбек Абдыкадыров жана анын үч орун басары: жазык иштери  жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары Келдибек Исажанов, жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу  Эркин Дуйшеев жана административдик иштер боюнча орун басары Гульбара Кудабаева 2024-жылдын жыйынтыктары боюнча маалымат беришти.


Жогорку соттун төрагасынын орун басары  Нурлан Мусаев өткөн жылы жазык иштери боюнча бир катар чечимдер өзгөртүлгөндүгүн айтып, одоно мыйзам бузуулар болгон учурда жеке аныктамалар чыкпагандыгын  сынга алды.


Келдибек Исажанов бул кемчиликтерди моюнга алып, мындан ары ага жол бербөөгө аракет кыла тургандыктарын айтты.


Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков 2024-жылы сотторго 1774 иш көп түшкөнүн, 2023-жылга салыштырмалуу бул иштердин дээрлик 38% көбөйгөнүн белгилеп, жарандык иштерди кароонун сапатын жогорулатуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканына кызыкты.


Ошол эле учурда Шералы Камчыбеков күчүндө калган иштер боюнча көрсөткүч 2023-жылы 53, 06 % болсо, 2024-жылы 98% түзгөндүгүн айтып, жакшы  көрсөткүч экендигин белгиледи.


Ал эми Нургуль Бакирова Нарын облусу боюнча административдик иштерди кароо сапаты  2023-жылга салыштырмалуу 9% жогорулагандыгын айтып, мөөнөтү өтүп же токтотулган иштер  болбогондугун билдирип,  жакшы көрсөткүч катары сыпаттады. Ошол эле учурда айрым судьялардын  күчүндө калган иштери боюнча көрсөткүчтөрү төмөн экендигин  кошумчалады.


Жыйындын жүрүшүндө Жогорку соттун  төрагасы Медербек Сатыев соттордо иштердин создуктурулушу жарандардын нааразычылыгын жаратып жатканын белгиледи.


Анын айтымында, соттук процесстердин кечигиши жана чечимдердин өз убагында чыгарылбашы коомчулуктун сот системасына болгон ишенимине доо кетирүүдө. Буга байланыштуу ал создуктурулган иштер боюнча терең анализ жүргүзүп, кечигүүлөрдүн себептерин аныктап, аларды жоюу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.


Мындан тышкары, төрага соттор кабыл алган чечимдерди тараптарга өз убагында жана так түшүндүрүү зарылдыгын  талап кылды.


 



 


Видео-блок

Нургуль Бакирова БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын башчысы менен жолугушту
Судьялык кызматка тандоо кандайча жүрөт?
200 адамды сотко мажбурлап алып келгенбиз. Сот приставы эмне иш аткарат?
Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...