KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын бир катар судьялары Кытайда эл аралык окуудан өтүштү

16 мая 2025

2025-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жана жогорку сотторунун бир катар судьялары Кытай Эл Республикасынын Соода министрлигинин колдоосу менен Шаньдун тышкы соода кесиптик колледжи тарабынан уюштурулган эки апталык эл аралык окуу семинарына катышышты.


Окуу программасы Кытайдын укуктук системасынын негиздери менен таанышуу максатында өткөрүлдү. Катышуучуларга Кытай Республикасынын Жарандык кодексинин негизги жоболору, кылмыш жана административдик сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, чет элдик инвестициялар жаатындагы мыйзамдар, эл аралык коммерциялык талаш-тартыштарды чечүү механизмдери, ошондой эле чек  аралык сооданы укуктук жактан коргоо жана санарип коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды.


Семинар практикалык багытта өтүп, аудиториялык сабактар, талкуу сессиялары жана прецеденттерди талдоо менен катар Циндао, Хайкоу жана Ханчжоу шаарларындагы сот жана укуктук мекемелерге таанышуу сапарлары уюштурулду. Судьялар Эл аралык коммерциялык сотту, юридикалык компанияларды, коомдук укуктук кызмат көрсөтүү борборлорун жана башка профилдик мекемелерде болушту.


Бул эл аралык окуу семинары Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын сот системаларынын ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө салым кошуп, сот системасын уюштуруу жана иштетүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө мүмкүндүк берди.


Видео-блок

ЭлТР: ӨТКӨН ЖЫЛЫ БИШКЕКТИН РАЙОНДУК СОТТОРУНДА 105 МИҢДЕН АШУУН ИШ КАРАЛДЫ
"Сотторго бааны эл берет!" М.Сатыев Талас областынын жергиликтүү сотторунун иши менен ...
НОМАД ТВ: Что нужно знать о разводе и алиментах в Кыргызстане
Көрсөткүчтөрү жакшы жана начар судьялар аталды. М.Сатыев иш сапары менен Ысык-Көл облус...
Жашыруун келишимдерге, коррупцияга орун жок. М.Сатыев иш сапары менен Нарын облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...