KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар үчүн семинар: кылмыш - жаза процессиндеги медиация жана баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү иштерин кароонун өзгөчөлүктөрү

16 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки күндүк семинар өтүүдө.


Семинардын биринчи күнүндө «Кылмыш — жаза процессиндеги медиация. Жашы жете электер катышкан иштерди кароодо медиация механизмдерин киргизүү» темасы каралат. Бул күнү катышуучулар калыбына келтирүүчү медиация, анын укуктук жана социалдык табияты, Кыргыз Республикасындагы калыбына келтирүүчү медиациянын укуктук базасы жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде калыбына келтирүүчү медиациянын ченемдери, чыр-чатак негативдүү социалдык кесепеттердин булагы жана укук бузуулардын контексти катары, анын түрлөрүн талкуулашат.


Лектор Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Чинара Курбанова болот.


Экинчи күнү катышуучулар «Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү» темасын талкуулашат. Лектор Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Гульнара Дуйшенбекова болот.


Анда, «Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында колдонулган терминдер, Кылмыш иштерин натыйжалуу иликтөө чаралары, баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү жөнүндө иштер боюнча соттук териштирүү, далилденүүгө тийиш болгон жагдайларды (соттук-химиялык экспертиза, соттук-наркологиялык экспертиза) талкуулоо пландаштырылган.


Окутуу практикалык көндүмдөр жана окуу куралдары менен коштолуп, аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.


Видео-блок

ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде
ТРК "Мир": Онлайн-трансляции судебных заседаний запустили в Кыргызстане

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...