Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КР жергилктүү соттордун судьялары үчүн эки күндүк семинар башталды.
Биринчи күнү судьялар «Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишин кесиптик баалоо системасы» темасын өтөт.
Лектор катары Чынара Мусабекова Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу, ю.и. к., доцент, Айгуль Уметова Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатына кесиптик баа берүү боюнча комиссиянын мүчөсү, Галина Шин Чүй облустук сотунун судьясы, КР Судьялар кеңешинин мүчөсү жана Марат Калчабаев КР Жогорку сотунун соттук статистикасын талдоо боюнча сектор башчысы болот.
Теманын алкагында катышуучулар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ишинин сапатына кесиптик баа берүү боюнча комиссия жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен бекитилген Жобо жана аны өткөрүүнүн шарттары менен кеңири таанышышат.
Андан сырткары, бир күн ичинде сот процесстеринин сапаты, судьянын адеп-ахлактык сапаттары, судьянын аракетине жана аракетсиздигине даттануу, судьянын жүктөмдү көтөрө билүүсү жана башка сот ишине тиешелүү темалар каралат.
Жобого ылайык жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо сот адилеттигин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга, иштерди кароодо мыйзамдуулукту камсыз кылууда судьялардын жоопкерчилигин жогорулатууга, судьялар корпусунун сапаттык курамын жакшыртууга, судьялардын кесиптик квалификациясынын жана көндүмдөрүнүн өсүшүнө түрткү берүү, кошумча кесиптик даярдыктын зарылдыгын аныктоо жана кызмат боюнча жогорулоонун адилеттүү шарттарын түзүү максатында баалоо боюнча комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Экинчи күнү катышуучулар «Жеткиликтүү чектелген документтер менен иштөө тартиби», «Буюм далилдерин кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу» темалардан өтүшөт.
ЛекторлорСвердлов райондук сотунун судьясы Гүлзат Усакпаева, ошондой эле КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери болушат.
Катышуучулар жеткиликтүүлүгү чектелген документтер менен иштөө тартиби, жана буюм далилдер темасын талкуулашат.
Семинар аяктагандан кийин катышуучулар сурамжылоодон өтүп, андан соң аларга сертификаттар тапшырылат.

