Минск шаарында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) соту уюштурган «Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге 10 жыл: ЕАЭБ укугун бирдей колдонуу кепилдиги» темасындагы эки күндүк VII Эл аралык конференция болуп өттү.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков катышты.
Иш чара Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин президенттеринин администрацияларынын , Биримдиктин жогорку сотторунун мүчөлөрүн, ыйгарым укуктуу органдардын , улуттук монополияга каршы жана бажы органдарынын өкүлдөрүн, академиялык чөйрөнүн жана практик юристтердин кеңири чөйрөсүн бириктирди.
Биринчи күнү пленардык жыйын өткөрүлүп, анда Биримдик укугунун жалпы маселелери талкууланды. Ошондой эле эки тематикалык сессия болду:
— «Биримдиктин соту жана эл аралык сот адилеттиги органдары»;
— «Бажы жөнгө салуу жана Биримдиктин ички рыногун өнүктүрүү».
Экинчи күнү катышуучулар ЕАЭБдин укук колдонуу практикасындагы актуалдуу маселелерин, ошондой эле атаандаштыкты коргоо жана мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу аспектилерин эки параллелдүү сессиянын алкагында талкуулашты.
Мындан тышкары, эки тегерек стол өткөрүлүп, алардын темалары төмөнкүлөрдү камтыды:
— «ЕАЭБ соту жана Биримдиктин юридикалык ой жүгүртүү борборлору»;
— «ЕАЭБ укугу жана юридикалык коомчулук».