KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын ишке ашыруу маселесин талкуулоо боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү

24 октября 2025

Кечээ, 2025-жылдын 23-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Кыргыз Республикасынын сотторунун түзүмүн жана судьялардын штаттык санын талдоо жана оптималдаштыруу боюнча Комиссиянын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы, Жогорку Соттун судьясы Аида Сейдакматова төрагалык кылды.


Аталган комиссия 2025-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган 2025-жылдын 9-октябрындагы №207 «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Конституциялык мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүгүн аткаруу максатында түзүлгөн.


Жыйында катышуучулар республикадагы соттордун түзүмүн жана судьялардын штаттык санын кайра кароо жана оптималдаштыруу маселелерин талкуулашты. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна сунуштар даярдалат.


Кабыл алынган мыйзамга ылайык, соттордун түзүмү жана судьялардын саны мыйзам менен эмес, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен аныкталат. Бул чара судьялардын жүктөмүн тең салмактуу бөлүштүрүүгө, сот тутумунун кадрдык жана материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн рационалдуу пайдаланууга, ошондой эле сот ишмердигинин уюштурулушунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.


Айрыкча, соттук статистиканын маалыматы боюнча, Жогорку Сотко кароого келип түшкөн иштердин жана материалдардын жалпы саны 2010-жылы 4566 ишти түзсө, 2020-жылы — 5565, ал эми 2024-жылы — 7829 ишке жеткен.


Мунун натыйжасында Жогорку Соттун судьяларына түшкөн жүктөм 2010-жылга салыштырмалуу 40 пайыздан ашык өскөн. Ошол эле учурда, Жогорку Соттун судьяларынын, анын ичинде төрага жана анын орун басарларынын жалпы саны 2003-жылдан бери өзгөрүүсүз калып, 35 адамды түзүп келет.


Акыркы беш жылдын ичинде биринчи инстанциядагы сотторго келип түшкөн иштер менен материалдардын саны эки эсе көбөйгөн: эгерде 2020-жылы алардын саны 125 285 ишти түзсө, 2024-жылдын жыйынтыгында 251 062 ишке жеткен. Бул көрсөткүчтөр сот тутумунун түзүмүн оптималдаштыруу, судьялардын жүктөмүн тең салмактуу бөлүштүрүү жана жүктөмү эң жогору болгон соттордо судьялардын штаттык санын көбөйтүү боюнча системалуу чараларды көрүүнүн зарылдыгын айгинелейт.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынышы менен жаңы ири административдик-аймактык бирдиктерде жергиликтүү соттордогу судьялардын штаттык санын көбөйтүү маселеси да өзгөчө актуалдуу болуп турат. Райондордун жана шаарлардын чек араларынын өзгөртүлүшү айрым административдик-аймактык бирдиктердин аймагын кеңейтип, калктын санын көбөйттү. Бул өз кезегинде жергиликтүү соттордун судьяларына түшкөн жүктөмдү кыйла арттырды.


Видео-блок

"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды
Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...