KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун отуруму болду

11 июля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 11-июлунда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Нурлан Мусаевдин катышуусунда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болду.


Жыйынга жумушчу топтун жетекчиси, Жогорку соттун судьясы Нурманбет Эшалиев,   Конституциялык соттун судьясы  Меергуль Бобукеева, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Болотбек Сатыбалдиев, ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрү жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялар  видеоконференц байланыш аркылуу катышышты.


Жогорку соттун төрагасынын орун басары  Нурлан Мусаев   уңгужолдун жүрөгүндө элдин үнүн угуу, эл менен кеңешүү, улуттук баалуулуктарды мамлекеттик башкаруу системасына сиңирүү идеясы тургандыгын айтты.


Мамлекет башчысынын 2024-жылдын 18-декабрында кол койгон «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгы — бул Кыргыз мамлекетинин келечектеги өнүгүүсүнө багытталган тарыхый маанидеги саясий жана идеологиялык документ. Аталган Жарлыкта  мамлекетибиздин башкы максаттарынын бири — улуттук баалуулуктарды  сактоо, коомду бириктирүү, жоопкерчиликти күчөтүү жана мамлекеттик институттардын ишмердүүлүгүн элге жакындатуу экендиги белгиленген.


Тагыраак айтканда, уңгужолдун негизги максаты — мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу.


Ушул маанилүү багытта сот тутумунун ролу өзгөчө. Анткени, мыйзам үстөмдүгүн, адилеттикти жана элдин бийликке болгон ишенимин камсыз кылуу  дал ушул сот системасынын негизги миссиясы. Ушул жагдайлардан улам, “Уңгужол” идеологиясын ишке ашырууда сот системасы да активдүү катышуусу керек”, — деди Нурлан Мусаев.


Ал эми жумушчу топтун жетекчиси, Жогорку соттун судьясы Нурманбет Эшалиев өзүнүн Уңгужол тууралуу пикирин билдирип жатып, Президент тарабынан жарыяланган бул маанилүү документти терең маани-маңызга ээ улуттук багыт катары белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө ар бир жаран, айрыкча мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде сот системасынын кызматкерлери — мекенге кызмат кылууну, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекем сактоону өзүнүн ыйык милдети катары кабыл алып, чыныгы патриот болушу керек.


Нурманбет Эшалиев мындан ары “идеология” деген түшүнүктүн ордуна “Уңгужол” терминин колдонуу зарылдыгын белгиледи. Анткени Уңгужол — бул Кыргызстандын тарыхый, маданий, руханий жана укуктук өзөгү менен байланышкан терең түшүнүк болуп, улуттук биримдикти, нарк-насилди, адилеттикти жана келечекке болгон ишенимди камтыган багыт болуп эсептелет.


Ошондуктан, сот системасы да четте калбай, өзүнүн жоопкерчилигин так түшүнүшү керек. Анын ичинде Уңгужол боюнча түзүлгөн жумушчу топ сот тутумунун алкагында тийиштүү иш-чараларды, улуттук баалуулуктарга шайкеш келген иш пландарды иштеп чыгып, сот тутумунун өнүгүү жолун ушул жаңы улуттук дем менен айкалыштырышы зарыл. Бул багыттагы аракеттер сот системасынын гана эмес, мамлекеттин өнүгүүсүнө дагы өбөлгө болот”, — деди  жумушчу топтун жетекчиси.


Белгилей кетүүчү жагдай,  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин  тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Аталган топтун курамына  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы жана Аппарат жетекчиси, Конституциялык сот, Сот адилеттигинин Жогорку мектеби, Сот департаменти, ошондой эле жергиликтүү соттордун төрагалары, судьялар жана аппарат кызматкерлери кирген.


Бүгүнкү отурумда жумушчу топтун мүчөлөрү сот адилеттигинин элге жакындыгын арттыруу, мамлекеттик тилдин ролун бекемдөө, соттук кадрларды тандоодо жана даярдоодо улуттук демди эске алуу, технологиялык жана этикалык стандарттарды өнүктүрүү өңдүү маанилүү багыттар боюнча талкуу жүргүзүштү.



Видео-блок

Уңгужол боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болду
Калыс сот – элдин тиреги | Талас | Чүй
Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты
Г. Абсатарова: "Судья болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...