2026-жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облустук Сот адилеттик үйүнүн жыйындар залында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаевдин демилгеси менен «ЖМК өкүлдөрү, блогерлер жана жарандык активисттер менен жолугушуу: ачык диалог жана кызматташтык» аттуу тегерек стол форматындагы иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты сот тутуму менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын, блогерлердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташууну чыңдоо, сот адилеттигин чагылдырууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана коомчулук менен байланышты өнүктүрүү болду.
Жолугушууну Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев ачып, сот бийлигинин ишмердүүлүгүндөгү ачыктык жана айкындуулук принциптерин камсыз кылууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын, блогерлердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ролу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.
Өз сөзүндө төрага азыркы маалыматтык доордо коомчулукту так, өз убагында жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу мамлекеттик институттарга болгон ишенимди бекемдөөнүн маанилүү факторлорунун бири экенине токтолду. Ал сот бийлиги үчүн коомчулук менен ачык жана конструктивдүү байланыш түзүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналарын белгилеп, сот органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды кеңири жеткирүү жана жарандардын маалымат алуу укугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
«Сот адилеттигинин ачыктыгы жана коомчулук менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү — сот бийлигине болгон ишенимди чыңдоонун негизги шарттарынын бири. Жалпыга маалымдоо каражаттары, блогерлер жана жарандык коом өкүлдөрү менен мындай жолугушуулар конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө, жарандардын маалымат алуу укугун камсыз кылууга жана сот системасынын ишмердүүлүгү тууралуу объективдүү маалыматтарды коомчулукка жеткирүүгө өбөлгө түзөт», — деп белгиледи Нуркалый Асанбаев.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча төраганын орун басары Алтынбек Бердибеков, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Бермет Мырзаканова, УТРК «Ысык-Көл» телеканалынын өкүлү Айдай Рысбайкызы, «Акипресс» маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Гүлжамал Асанкадырова, «Эмгекчил» гезитинин редактору Азамат Шабданов, блогер Эрмек Эсенгалиев, ошондой эле жарандык активист Бекжан Аскербеков сөз сүйлөп, өз пикирлери менен бөлүшүштү.
Катышуучулар сот иштерин маалыматтык чагылдыруунун өзгөчөлүктөрүн, коомчулукка так жана объективдүү маалымат жеткирүү маселелерин, маалыматтык мейкиндикте жоопкерчиликти күчөтүүнү, жаңы медиа каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн жана сот системасы менен медиа өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуусун өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.
Талкуу учурунда катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сот өндүрүшүнө байланышкан маалыматтарды чагылдырууда мыйзам талаптарын сактоо, маалыматтын объективдүүлүгүн камсыз кылуу жана коомчулук менен натыйжалуу коммуникация жүргүзүү боюнча сунуштарын айтышты.
Иш-чаранын соңунда төрага жыйынтыктоочу сөз сүйлөп, конструктивдүү диалог үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Ал мындай жолугушуулар сот бийлиги менен коомчулуктун ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө, сот системасынын ачыктыгын жогорулатууга жана жарандардын сот адилеттигине болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

