KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

«Ош облустук сотунун төрагасынын кубогу» үчүн кичи футбол боюнча мелдеш өттү

27 апреля 2026

Бул салтка айланган иш-чарага Ош облусунун бардык жергиликтүү сотторунун кызматкерлери активдүү катышып, өз ара ынтымакты, биримдикти жана сергек жашоо образын даңазалашты.


Мелдештин негизги максаты- сот тутумунда иштеген кызматкерлердин ортосунда достук мамилени бекемдөө, командалык рухту жогорулатуу жана ден соолукту чыңдоо болуп саналат.


Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар оюн учурунда жогорку даярдыгын, ыкчамдыгын жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтө алышты.


Оюндар кызыктуу жана атаандаштыкка бай өтүп, ар бир команда мыкты жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылды. Көрүүчүлөр үчүн да мелдеш абдан кызыктуу болуп, күйөрмандардын колдоосу оюнчуларга дем-күч берди.


Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн командалар аныкталып, жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан дипломдор, медалдар жана «Ош облустук сотунун төрагасынын кубогу» ыйгарылды.


Мелдештин жыйынтыгы:


I орун- Ош облустук соту


II  орун- Кара-Суу райондук соту


III орун- Ош шаардык соту


Бул иш-чара Ноокат райондук соту тарабынан уюштурулуп, төраганын салтка айланган өтмө кубогу  Алай райондук сотуна өткөрүлдү.


 


Видео-блок

Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...