Талас облустук сотунун төрагасынын кубогуна арналган кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулуп, жогорку деңгээлде өттү.
Иш-чарага Талас облусундагы жергиликтүү сотторунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана сот приставдар курама командалары катышып, катышуучулар мыкты деңгээлде командалык оюн көрсөтө алышты. Калыстар тобу беттештерди адилеттүү баалап, мыкты делген командаларды жана оюнчуларды тандап алышты.
Жалпысынан бул мелдешке 7 команда катышып, мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү командага Талас облустук сотунун төрагасынын кубогу тапшырылды. Мыкты оюн көрсөткөн жеңүүчүлөр кубок, диплом жана медалдар менен сыйланышты жана ошондой эле ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктарга ээ болушту.
Мелдештин жыйынтыгы:
I орун — Манас райондук соту
II орун — Талас райондук соту
III орун — Бакай-Ата райондук соту
Ар түрдүү номинациялардын жеңүүчүлөрү:
Мыкты чабуулчу: Мирлан Керималиев
Мыкты дарбазачы: Бакай Токоев
Мыкты оюнчу: Садырбек уулу Нурлан
Мелдештер жогорку маанайда өтүп, катышуучулар өз ара достук жана ынтымакта атаандашып, жалпы жамааттын бирдиктүү экенин дагы бир жолу айгинелешти.
Ал эми кийинки турнирди уюштуруу үчүн өтмө кубок Манас райондук сотуна өткөрүлүп берилди.
Бул иш чаранын башкы максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык ошондой эле спортту, сергек жашоо образын жана сот тутумундагы кызматкерлеринин арасында достук жана спорттук алаканы бекемдөө болуп саналат.

