Ысык-Көл облустук сотунда жаш муунду укуктук билимге кызыктыруу жана алардын кесиптик багыт алуусуна көмөк көрсөтүү максатында Ачык эшик күнү өткөрүлдү. Иш-чарага Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Зарипбек Аданбаев, облустук соттун бөлүм башчысы Айпери Абдымаликова жана Каракол шаардык сотунун бөлүм башчысы Азамат Тынычбеков катышышты.
Иш чаранын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин 2-курсунун студенттери үчүн экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер соттун иш алып баруу тартиби, иштердин катталышы жана кароо процесстери, ошондой эле сот залдарында орнотулган заманбап аудио-видео жазуу системалары менен жакындан таанышышты.
Мындан тышкары, катышуучуларга сот системасынын түзүмү — биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялар тууралуу кеңири маалымат берилди. Судья Зарипбек Аданбаев болочок юристтерге судьялардын ыйгарым укуктары, алардын ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери, статусу жана сот аппаратынын кызматкерлеринин функционалдык милдеттери боюнча түшүндүрмө берип, кесиптик кеңештери менен бөлүштү. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, жандуу диалог түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чаранын алкагында студенттер кылмыш иштери боюнча ачык сот отурумдарына катышып, сот процессинин реалдуу жүрүшүнө күбө болушту. Бул тажрыйба алардын теориялык билимдерин бекемдөөгө жана практикалык түшүнүгүн кеңейтүүгө чоң өбөлгө түздү.
Жолугушуунун жыйынтыгында уюштуруучулар студенттерге окууларында ийгиликтерди каалап, үзгүлтүксүз билим алуу керек экендигин белгилешти. Ошондой эле мындай жолугушуулар мындан ары да улантылып турары жана Сот адилеттик үйүнүн эшиги ар дайым жаш юристтер үчүн ачык экени айтылды.
Өз кезегинде окуу жайдын өкүлү, окутуучу Мира Амангелдиева сот кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар студенттер үчүн чоң шыктандыруучу таасир болуп, алардын кесиптик багытын тактоого, практикалык тажрыйба топтоосуна жана келечекте өз кесибин ишенимдүү тандап алуусуна өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Бул сыяктуу иш-чаралар жаштардын укуктук маданиятын жогорулатууга, сот системасына болгон ишенимин бекемдөөгө жана келечектеги адистерди даярдоого маанилүү салым кошот.

