KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот камакка алган мүлктү онлайн аукциондо сатуу башталды

19 мая 2025

Жогорку сот камакка алынган жана чыгым үчүн өндүрүлгөн мүлктү сатуу үчүн portal.sot.kg сайты аркылуу электрондук аукцион системасы ишке киргизилгенин билдирди.


Буга байланыштуу 16-майдагы расмий иш-чарада Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев “бул жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыгында камакка алынган жана өндүрүлгөн мүлктү ачык-айкын, ыкчам жана адилеттүү сатууну камсыздаган механизм” болорун айтты. Ошондой эле коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга багытталганын белгиледи.


“Система арыз тапшыруудан тартып сооданын жыйынтыгын чыгарууга чейин толугу менен автоматташтырылган. Аукциондун уюштуруучусу болуп сот аткаруучу саналат, ал электрондук соода аянтчасына автоматташтырылган «Аткаруу өндүрүшү» маалыматтык системасы аркылуу лот боюнча маалыматты жана бардык керектүү документтерди тиркеп жайгаштырат”,-деп жазылган Жогорку сот тараткан маалыматта.


Саамалыктын алгачкы этабы Бишкек шаарынан башталат, сыноодон өткөндөн кийин башка аймактарга дагы жайылтылат.


Буга чейин соттун чечими менен камакка алынган, чыгым үчүн өндүрүлгөн мүлктү сатуудагы коррупция, кыңыр иштер тууралуу арыз-доомат көп айтылып келген.


Видео-блок

Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды
У. Кожомбердиев:"Айтса жаман көрөсүңөр!". Сот аткаруучулардын жыл жыйынтыгы
Азамат Узакбаев: Судья өзү өкүнбөгөндөй чечим чыгаруусу керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...