15-февраль Советтик Аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнүн 37 жылдыгынын урматына жана аскердик кызмат өтөөдө көрсөткөн эрдиги, ак ниет кызматы үчүн Кыргыз Республикасынын сот тутумунун төрт өкүлүнө Алкыш жарыяланды.
- Бакыт Усубалиев — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы
- Бактыбек Кетиренов — Нарын облустук сотунун судьясы,
- Болотбек Омуралиев — Жогорку соттун Аппаратынын Каржы-чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу
- Тасмабек Сулайманов — Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы
Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев афган согушунун катышуучуларынын күнү менен куттуктап, тогуз жылдан ашуун созулган согушка интернационалист-жоокерлер арасында миңдеген кыргызстандыктар катышып, алардын катарында сот тутумунун кызматкерлери болгондугун айтты.
Советтик Армияда кызмат өтөп, майдан талаасында эбегейсиз эрдик, баатырдык менен салгылашып, антка бекемдигин, патриоттуулугун, тайманбастыгын таасын көрсөтүшкөндүгүн белгиледи.
Медербек Сатыев Алкыш жарыяланган судьяларга жана кызматкерлерге чын ден соолук, тынчтык, бакубат жашоо каалап, сот тутуму үчүн талыкпай эмгектене берүүнү каалады.
Белгилүү болгондой 1989-жылы 15-февралда Афганстандан акыркы советтик жоокер чыгып кеткен. Бүт дүйнө көз салып турган тарыхый окуя аталган өлкө менен СССРди бириктирген Достук көпүрөсүндө болгон. Андан бери 37 жыл өттү.
СССРдин афган согушунда жоготкон жоокерлеринин расмий айтылган саны — 15 051 адам. Он жылга чукул уланган согушта интернационалчы жоокерлердин арасында 7 000 кыргызстандык да болгон. Ал эми 300гө жакын аскер баатырларча курман болуп, 1500ү жаракат алган. Ал эми төрт аскер кызматкеринин дайыны чыкпай калган.

