Бүгүн, 2025-жылдын 19- апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.
Жогорку соттун жалпы жамааты ишембиликтин алкагында Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы сейил багын жана соттун жанаша жайгашкан аймактарын тазалап чыгышты.
Белгилей кетсек, ишембилик Кыргыз Республикасынын Президентинин “ Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өттү.