KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун Аппарат кызматкерлери ишембиликке катышты

25 апреля 2026

2026-жылдын 25-апрелинде  Бишкек шаардык мэриясы тарабынан борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү максатында жарыяланган эки айлыктын алкагында Жогорку соттун Аппарат кызматкерлери ишембиликке чыгышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер Советтер Союзунун Баатыры Исмаилбек Таранчиев атындагы парктын аймагында тазалоо, көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштерин жүргүзүштү.


Ишембилик борбор калаанын санитардык абалын жакшыртууга, экологиялык маданиятты жогорулатууга жана шаарды жашылдандырууга багытталган демилгелерди колдоого арналды.


Жогорку соттун Аппарат кызматкерлери мындай иш-чараларга активдүү катышуу менен коомдук жоопкерчиликти арттырууга жана айлана-чөйрөнү коргоого өз салымдарын кошуп келишет.


Белгилей кетүүчү жагдай, аталган паркты ошондой эле Бишкек шаардык соту менен  Биринчи май райондук сотунун Аппарат кызматкерлери тазалашты.


 


 


 


 


Видео-блок

Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту
В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...