Конгресске укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле укук жаатындагы алдыңкы казакстандык жана чет өлкөлүк эксперттер жана окумуштуулар катышууда. Эл аралык катышуучулардын арасында — Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмнун (ЕККУ), БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (УНП ООН), ошондой эле АКШнын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү да бар.
Конгресске Кыргыз Республикасынын атынан:
— АбдыкеримоваАйгульАнарбековна, Кыргыз Республикасынын Жогоркусотунакараштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебининдиректорунунорун басары
— Дуйшенбекова Гүлнара Султанбековна, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу катышууда.
Иш-чараКазакстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Укук Коргоо органдар академиясынын 10 жылдыгын белгилөө алкагында, ошондой эле Казакстан Республикасынын Түрк соттук-укуктук даярдык тармагындагы төрагалыгына байланыштуу уюштурулду.
Конгресс укук жаатындагы актуалдуу чакырыктарды, укук колдонуу практикасы маселелерин, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана юридикалык билим берүү жана соттук даярдык чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү эл аралык платформа болуп калат.